20.06.2018 10:17

Канат Рыскулов «Айдин, бука, приставка» тасмасы тууралуу: Актерлор идеяны эмгек акыдан жогору коюшту

Канат Рыскулов «Айдин, бука, приставка» тасмасы тууралуу: Актерлор идеяны эмгек акыдан жогору коюшту

Тасма адамды тарбиялайт. Жакшы мазмундуу кино көрсөң бир топко чейин оюңда байырлап, ошол тасмадагы каармандын ролуна өзүңдү коюп, ар кандай акыл калчайсың. Өзгөчө үй-бүлөгө, жаш балдарга байланыштуу тасмалар жүрөккө жакын. Кичине кездеги кыялдар, ата-эне менен болгон  ой тирешүүнү чагылдырган автордук кыска метраждуу тасманы жаш режиссер Канат Рыскулов сунуштап отурат.  «Апрель»  телеканалында 22-июнда анын «Айдин, бука, приставка» кинотасмасынын бет ачары болмокчу.  Изги тилек, илгери  үмүт менен жаралган тасма тууралуу Канат менен маек курдук. 

- Кино чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыз? Бул сиздин алгачкы автордук чыгармаңызбы?

- Режиссерлук кесипке ээ болууну мектепте окуп жүргөнүмдө эле атам сунуштаган. Өзүмө да жаккандыктан, эки айттырган жокмун. Бул жаатта «Манас» кыргыз-түрк университетинде билим алдым. Бардык группалаштарым мага окшогон киного жут адамдар. Жогоруда айтылган тасма менин уялбай көрсөтө алчу алгачкы эмгегим. Мурун курстук иш катары акын тууралуу даректүү тасма тарткам. Өзүн таануу боюнча да, кыска метраждуу тасмам бар. Бирок, аларды  интернетке таратып жайылткан жокмун. 

-  Эмне үчүн «Айдин, бука, приставка»? 

- Мен башында “Приставка” же “Айдин” деп атап койсомбу деп ойлогом. Бирок өзгөчө бир кайталангыс ID керек болду. Кыргызстанда көптөгөн кинотасмалар тартылат, бирок аталыштары эч кимдин эсинде жок. Узун аталыш бул креативдүү ыкма. 

-    Идея кайдан келди?  

- Өтө жөнөкөй, бирок терең ойлуу чыгарма жаратайын деп жүргөм. Ортодо 2-3 жумалык гана бош убактым бар эле. Ошону колдоно калууну чечтим. Анан айылдагы кичинекей балдарды көрүп аябай таасирленем: кымындай болуп алып, кезүүгө чыгышат, жүздөгөн баш малды кайтарышат.  Шаардык балдарга салыштырмалуу түйшүктөрү көп, бирок, көп нерседен куру калышат. 

-  Долбоорду кантип ишке ашырдыңыз? Тартуу учурунда жол көрсөтүп тургандар болдубу?

- Тасманын продюсери жаш медийщик Арген Адил уулу. Экөөбүздүн оюбуз көп учурда бир  чыгат. Менин сценарийим ага дароо жакты. Эсимде, оюмду шашып-бушуп кагаз бетине түшүрө коюп,  продюсерге карматканда, жактырабы же жокпу деп толкундангам.  Бир көз жүгүртүп чыкты да, «Жарайт. Качан баштайлык?» деди. Ошентип мыкты профессионал команданы топтоп, гонорарларды сүйлөшүп  ишке киришкен. 

- Ал эми актерлор кандай шарт менен тартылышты?

-Актерлор Улан Султангазиев жана Марат Маматалиев чакырылган. Гонорарга көп токтолгон жокпуз, биз күүлөнүп, берилип алган элек, алар да идеяны эмгек акыдан жогору коюшту. Дароо кол алыштык. 

- Каяктан тартылган  жана тасманы тартуу иштери канча убакыт созулду?

- Чүйүмдү тарттым, үйүмдү тарттым, сүйүүмдү тарттым керемет. Тагыраагы, Кеминдин Чым-Коргон айылында. Өзүм ошол жактан болгондуктан, жер тандап отурган жокмун. Дароо кенен талааларды элестеткем - кыялымдагы сүрөттөлүшкө жеттик: кар, күн жана жайнаган мал. Тасманы 4 күн ичинде тартып бүттүк. Бирок, жалпылап караганда 16 мүнөттүк кыска тасмага 5 айдай убакыт кетти. Карточка даярдап алганым мага аябай жардам берди. Ар бир сценаны баракка жазып, тартылып бүткөн соң чийип, алдын ала кайсы жерин монтаждаш керек экендигин элестетип жаттым. 

-Тасманын мазмунуна келсек. Азыркы айылдык балдардын көйгөйү приставкадабы? 

- Көйгөйлөрү очоет, бирок талаптары чакан - биздин тасмадагы бала жайыттан букасын жоготуп ийет. Аны сатып, пайдасын көрүшмөк. Эми ички дүйнөсүндөгү бороонду элестете бергиле!

- Бул тасманын бюджети канча болду?

-Бул автордук долбоор болгондуктан, бюджети аз 600 $ дын тегерегинде. Ал эми техниканы «СО» медиа компаниясынан  бекер  алып колдондук.
 

- Ушул тасма менен сынактарга баруу планыңыз барбы?

Ооба, баардык ачык сынактарга жөнөтөбүз. Орусча, англисче  котормосу даяр. Болгону – кирүү акылуу сынактарга жөнөтүүгө көңүлдөнбөй жатам.
 

-  Телеканалдан башка дагы кайсы жерден көрсө болот?

- Тасмага  кинотеатрдан салтанаттуу бет ачар кылуу сунушу түшкөн, бирок кыска метраждуу фильм үчүн мынчалык манчыркап кетүү уят го. “Апрель” телеканалында көрсөтсөк көбүрөөк элге жетет. 22-июнда бет ачар. Режиссерлорго телеканалдар менен кызматташуу маанилүү- бул эки тарапка тең пайдалуу десем жаңылышпайм. Мен бардык авторлорго «Прокатка чыккандан кийин ишиңерди катпай, телеканалдар менен кызматташкыла» деп айтаар элем.